Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

10-октябрдан 15-октябрга чейин Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жыйында кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылган.

Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улана тургандыгын «Чек ара» телеграмм каналы жазды.