Марал Радиосу

Ак-Талаада токой өрттөнүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айыл өкмөтүнүн аймагындагы токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, Токой чарбасынан 13 кызматкер жана айыл тургундарынан 15 адам тартылган.

Учурда өрттү өчүрүү аракеттери жүрүүдө. Алдыда кошумча маалымат берилет.