Марал Радиосу

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өтүүдө

Бүгүн, 15-октябрда Өзгөн районунун эли Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өтүп жатат. Ага Жогоку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Дастан Бекешов, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов, саясатчылар Жеңиш Модокматов, Бектур Асанов жана жарандык активистер катышууда.

Өзгөн районунун тургундары 10-октябрда Өзгөн райондук администрациянын алдына чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин билдиришип, Кемпир-Абад мурда кандай болсо, ошондой калышын талап кылышты.

4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн. Ага эл толук кирбей калып, нааразычылыктар болгон.

1-октябрда Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдоду. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Алдыда комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коёт. Андан соң аталган келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

Exit mobile version