Марал Радиосу

Рахмон күтүлбөгөн жерден Путинге сын айтты

Тажикстандын президенти “Борбор Азия – Орусия” форматындагы алгачкы саммитте күтүлбөгөн жерден Орусиянын аракеттерин сындап, эмоционалдуу сөздөрдү сүйлөдү.

Ал Путинге карап, Москванын Борбор Азияга карата мамилесин арызданып, «Бизге карата мурунку советтик өлкө катары мамиле кылуу саясаты болбосун» — деди.

“Биз Советтер союзу кантип кулаганына сиз менен чогуу күбө болгонбуз. Биз ошондо да азыркы учурдагыдай, чакан республикаларга, аз улуттарга жакшы көңүл бөлүнбөгөнүн көрүп жүргөнбүз. Биздин салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз менен эч ким эсептешпеген. Өнүгүшүбүзгө көмөк көрсөтүлгөн эмес. Көңүлдүн баары Ташкент, Алматы, Минск жана Киевге бурулуп турган. А биздей өлкөлөргө сүттү бер, этти өндүр, пахта терип бер деген тапшырмалар берилип турган. Кечээ сиз 2 миллион тажик мигранты тууралуу кеп козгодуңуз, бирок мен бир нерсени айтып коеюн, ал 2 миллиондун баары эле иштөө үчүн эмес, окуу үчүн, дарылануу үчүн да Орусияга келип жатышат»,  — деген тажик президенти.

Рахмондун айтымында, Орусия өз кызыкчылыгына туура келген азык-түлүк жаатында Борбор Азия менен сооданы жандантууда, бирок анын ордуна стратегиялык өнөктөштөрүнө тең мамиле жасабай жатат.

Бүгүн, 14-октябрда Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия – Орусия” форматындагы алгачкы саммит болуп өттү.

Путин: кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталар колдонулат

Exit mobile version