Кыргызстанда негизги айыл чарба продукцияларына болгон баа дыйкандарды нааразы кылып жатканы көп айтылып жатат. 13-октябрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маалымат жыйын куруп, суроолорго жооп берди.
Күзүндө дыйкандар өндүргөн продукциясын сата албай калганы жыл сайын кайталанат. Быйыл да өткөн аптадан бери баалар төмөндоп кеткени парламентте да көтөрүлдү.
Буга чейин “Маралдын” редакциясына төө буурчак, пахта өстүргөн дыйкандар кайрылып, мээнети акталбай жатканын айтып, даттанышкан.
Бүгүн, 13-октябрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маалымат жыйын куруп, алардын суроолоруна жооп берди.
Министр төө буурчактын баасы тууралуу суроого жооп берип жатып, маселени чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, кийинки жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн үрөн менен дыйкандар камсыз болорун билдирди. Жаныбеков мындай жол менен дыйкандарга жеңилдик түзүлөрүн айтат.
“Бүгүнкү күндө президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен иш алып барып жатабыз. Коопсуздугу боюнча дагы көп суроолор келген, бүгүнкү күнү облустагы лабороторияны кошумча шайман, жабдыктар менен камсыз кылып, шарт түзөбүз. Жакында Туркияда атайын ушул тармакта иштегендерди кабыл алып, сүйлөштүм. Кара-Буурада төө бурчак өндүрө турган участок уюштура турган болдук. Буйруса, таластык фермерлер үчүн төө буурчактын уругу менен өзүбүз камсыз кылабыз”, — дейт министр.
Министрлик буга чейин пахта эккен дыйкандардан даттануу жок экенин айткан. Аскарбек Жаныбеков да пахтанын бүгүнкү баасы мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көбүрөөк өскөнүн, мындан дыйкандар жакшы пайда көрөрүн билдирди. Ал пахта мурдагы жылы 40-50 сом, былтыр 117 сомго чейин көтөрүлүп, быйыл 100 сомдун айланасында сатылып жатканын айтты.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев бул баа дыйкандардын мээнетин актабай жаткандыгын айтат. Ал былтыркы баадан үмүт кылып пахта эккен дыйкандардын кирешеси чыгымынан ашпай жатканын билдирди.
“Пахтанын бүгүнкү баасы былтыркы баадан кем болбошу керек. Былтыр 112 сомдон болуп, быйыл талаада пахта көбүрөөк эгилди. Дыйкандарыбыз быйыл да ошондой болот деп үмүт кылып эккен. Бирок, эрте жазда үрөн, жер семирткечтер, күйүүчү май, айыл чарба техникалары былтыркыга салыштырмалуу кымбаттап кетти. Анан ага дары сепкени, курт түшүп, куртун тазалаганы, отоо чөптөрүн тазалоо сыяктуу дыйкандардын мээнеттери да бар. Жакшылап карабасаң түшүм начар болот. Азыр 90 сом болуп атат, бул өздүк баасы дагы эмес”, — дейт депутат.
Эл өкүлү өкмөт чет өлкөлөр менен сүйлөшүп, пахта алуучуларды тартып келип, дыйкандарга жардам берүүсүн талап кылды.
Ал эми картошканын баасы боюнча маселени Аскарбек Жаныбеков негизги базар болгон Өзбекстан жана Казакстанда өздүк баасынан арзан сатуу менен гана чечүүгө болорун айтат.
Бүгүнкү күндө коңшу Казакстанда картошканын түшүмү мол болуп, Кыргызстанга караганда баасы арзан. Министр базардагы атаандаштыкты жеңүү үчүн бир катар жол жоболорду айтты.
“Биз базардын өзүндө турган баадан арзан сатышыбыз керек. Бул үчүн биринчиден, жаңы үрөндү өздөштүрүшүбүз керек. Экинчиден, жаңы технологияларды өздөштүшүбүз зарыл. Үчүнчү, жаңы техникаларды алып, аларды иштетүү менен жетишебиз. Ошондо биздин бүгүнкү түшүмүбүз орточо 160-170 центнер болуп атса, бул эселеп көбөйөт. Биз үчүн негизги рынок – бул Казакстан менен Өзбекстан. Быйыл Казакстандын өзүндө да картошканын түшүмү абдан көп болуп, баасы арзан болгон үчүн, биздин дыйкандар үчүн ал баа кызыктырарлык эмес”, — деди министр.
Ал эми фермер Манас Саматов түшүмүнөн пайда көрбөй жаткан дыйкандарды башка эгин эгүүгө үндөп келет. Ал түшүмдүн баасы төмөн болуп жатканына мамлекет күнөөлүү эмес экенин айтып, базар экономикасына жараша дыйканчылык кылуу керектигин айтат.
“Азыр фермерлер үчүн, албетте, оор болуп жатат. Анткени, чыгымы көп, баа былтыркыдай эле. Мурдагыдай эле калыптанган система, картошка жөнүндөгү көйгөй биринчи жолу болуп аткан жок. Картошка сатылбай жатабы, демек башка нерсе эк. Жок, кайра эле картошка, кайра эле төө бурчак эгебиз. Бул жерде фремерлер, өзүбүздө болуп атат күнөө. Мамлекет дыйкандын өндүргөн сатып берүүгө милдеттүү эмес”, — дейт Саматов.
Кыргызстанда айыл чарба продукциясы ички дүң продукциянын бир бөлүгүн түзөт.
Расмий статистика боюнча 2021-жылы пахта өндүрүү гектарына 34,8 центнер, картошка 170,4 центнерди түзсө, төө буурчак гектарына 358,3 центнерди түзгөн.