Марал Радиосу

Сауд Арабия менен Кыргызстандын телеканалдары кызматташат

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын телерадио берүү багыты боюнча мамлекеттик мекемелеринин ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу иши пландалып жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов кабарлады.

Сауд Арабиянын мамлекеттик телерадио берүү башкармалыгынын аткаруучу директору Мохаммед бин Фахад Аль-Харти менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн теле берүү, радио берүү жана кинематография тармактары аркылуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

«Сауд Арабия элинин Кыргызстанга болгон кызыгуусу күндөн күнгө өсүүдө. Биздин өлкө аларды инвестиция сала турган жер катары гана эмес, туризм багыты менен да кызыктырууда. Буга чейин биз САПтын алдыңкы авиаишканасынын бири менен Кыргызстанга байма-бай аба каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Эми болсо сауд ЖМКлары аркылуу туризмди алга жылдыруу варианттарын карап жатабыз» , — деди Марипов.

Бул ресурстарды ишке киргизип, маданий жана маалыматтык алмашууну кеңейтүү менен Кыргызстан Сауд Арабиясынан келген туристтердин санын жогорулата алат.