Марал Радиосу

УКМК: Бишкекте жасалма акча сатууга аракет кылгандар кармалды

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо») боюнча иш козголуп, анын алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар кармалды жана мындан аркы иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.