Марал Радиосу

Баткендеги жаңы курула турган үйлөрдүн документтери акысыз берилет

Президент Садыр Жапаров 14–17-сентябрда Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан калктуу конуштарды калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак үйлөрдү бузуп, жаңы турак үйлөр курулат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Капчыгай жана Достук калктуу конуштарынын деталдуу пландарын иштеп чыгат.

Баткен облусундагы турак үйлөрдүн документтери бир убакта тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акысыз берилиши керек.

Финансы министрлиги берилген сметага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттарын бөлөт.

Президент Жапаров «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка 18-сентябрда кол койгон.