Марал Радиосу

Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абадды берип коюу ар депутат үчүн саясий өлүмгө тете

Эгерде азыр юридикалык жактан бул маселени токтотуу керек болуп, бийликте ошондой саясий эрк болсо, анда келишимдин долбоорун токтотуп калуунун бир топ жолдору бар. Биринчи жолу, президент өзүнө жоопкерчиликти алышы керек. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Биринчи кезекте, президент өзү авторитардык президент катарында, Кыргызстандагы бардык бийликти колуна топтогон мамлекет башчысы катарында өзбек бийлигине маалымат берип, «Бизде нааразычылык күчтүү болуп жатат, бизде ЖМКлар эркин, кандай болгон күндө да оппозиция бар, азыркы чечимге каршы болгон эл бар. Ошондуктан мен бул маселени чечүүдөн, жоопкерчилик алуудан, туура эмес чечим кабыл алуудан тартынып жатам», — деп баш тартса болот. Бул президенттин жеке жоопкерчилигиндеги маселе.

Экинчи жолу, парламент. Мыйзам долбоору катары келгенде бийлик басым жасабай, парламентти эркине коё турган болсо, анда бул маселе ратификациядан өтпөйт. Анткени Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык жери, суунун булагы болгон Кемпир-Абадды берип коюу ар депутат үчүн саясий өлүмгө тете. Ошондуктан бул маселени чечүүдө парламенттин өз эркине коё турган болсо, мен толук ишенем, өтпөйт. Ал эми коркутуп-үркүтө турган болсо, бул маселе өтөт. Мына ушул эки жол менен азыркы бийлик жок дегенде Кемпир-Абадды сактап калганга, маселени созуп турганга, кийинчерээк чечкенге мүмкүнчүлүк алса болот», — деди Равшан Жээнбеков.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун жабык эшик артында карап, колдоп беришти.

Эми комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коёт. Андан соң Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттеги жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Анын айтымында, Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштетет.

Exit mobile version