Марал Радиосу

«Жылына 10 миң киши». Кыргызстанда психикалык оорудан жапа чеккендердин саны өсүүдө

Бүгүн, 10-октябрда дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленүүдө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнөдө 450 млн адам психикалык жактан жабыр тартып келет. Ал эми Кыргызстанда жылына 10 миң киши бул илдет менен каттоого алынат. Жалпысынан 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт. Ошол эле учурда профилдүү адистер жетишпейт. Республика боюнча балдардын тогуз гана психикалык терапевти бар, талап боюнча 50 адис керек.

Психикалык оорудан жабыркагандардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканы айтылууда. 

Күнүмдүк турмушта ар бир адам стресске түрткөн абалга туш болбой койбойт. Тактап айтканда: социалдык, физикалык, экономикалык, саясий жана психологиялык жактан.

Психикалык оору — бул психикалык саламатыкка, башкача айтканда, маанайды, жүрүм — турумду жана ой жүгүртүүнү өзгөртө турган оору.

Адам баласынын башына оор нерсе келгенде анын таасиринен маал — маалы менен психикалык жактан өзгөрүүгө дуушар болот. Бирок, мээдеги бул таасир туруктуу болуп, адамдын кадимки жашоосуна, жөндөмүнө таасир эткенде гана «психикалык оору» жөнүндө сөз кылууга мүмкүн.

Башкача айтканда, кайгыруу, тынчсыздануу депрессияга алып келет. Бул оорулардын баары коомдун кабыл алуусун талап кылган олуттуу маселелер, анткени алардын көбүнүн алдын алууга болот жана эгер стигма болбосо оорулуу абалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстанда жыл сайын психикалык жактан жабыркагандардын саны өсүүдө.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адиси Айзада Усенакунованын айтымында, стационардык дарыланууда 54 миң 500 адам каттоодо турат, алардын ичинен 31 миң эркек жана 23 миң аял киши бар. Дагы 31 миң 820 бейтап — консультативдик каттоого алынган. Адис психикалык оорулардын түрүн атады.

“Буга деген: шизофрения, тынчсыздануу, фобия, тамактануунун бузулушу, анорексия, биполярдык бузулуу, Альцгеймер оорусунан жапа чеккендер психикалык оору менен жабыркагандардын катарына кирет. Бул оорулардын дарылануусу абалына жараша жүргүзүлөт. Мисалы, эгер оору курчуп кетсе анда жаран сөзсүз түрдө стационардык дарыланууга муктаж. Башка жеңил учурларда амбулатордук түрдө дарыланат, дарыгердин байкоосунда болуп келип кетип турат”.

Өкмөттүн токтому менен 2018-2030-жылдарга карата калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча документ бекитилген. Анын алкагында өлкө аймагындагы шаарлардын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда топтор иш алып барышы керек.

Алар психикалык саламаттык үчүн дарылоо-профилактикалык жардамды көрсөтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору менен карым-катнашты жакшыртып, медайымдардын кызматтарын арттырып, психикалык жактан жабыр тарткандарды көзөмөлдөөгө үйрөтүшмөк.

“Психикалык саламаттык жана коом” уюмунун директору Жакшылык Жыргалбеков төрт жыл мурун кабыл алынган бул программа кагаз түрүндө гана калып, иш жүзүнө ашпай калганына кейийт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бир топ тоскоолдук болуп жатканын айтат. Эки жыл мурун бул программаны ишке ашырылуусун көзөмөлдөгөн мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында долбоор 88%га аткарылбаганы аныкталды.

Себеби каржы булагы такталган эмес жана бардык министрликтер жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгон.

Жыргалбеков психикалык оорулардын көбөйүшүнө кайсы факторлор таасир этерин айтып берди.

“Өлкөдөгү калктын санынын өсүшү, учурдагы психикалык ооруларды диагностика кылган технологиялардын өнүгүшү жана жылдан жылга өсүп келе жаткан стресс факторлор психологиялык оорулардын күч алуусуна таасир этүүдө. Тагыраагы, кишинин саны көбөйүп, дартты аныктоосу да жеткиликтүү  болуп бара жаткандыктан оорулардын көрсөткүчтөрү өсүүдө”.

Психикалык оорулардын алгачкы белгилери бул:

— адамдын журүм-туруму абдан агрессивдүү, өзүнө болгон ишеними жок болуп, өзүн-өзү күнөөлөгөн акыбалга келерин психолог Гүлшайыр Жунусова айтты. Ал психикалык оорулардан арылуу жолдорун атады.

“Психикалык оору менен жабыркаган жаран көп жылдар бою медициналык дарылоо менен психолог жана психиатрлар менен иштеш керек. Себеби дарылар адамдын аң-сезимине гана таасир этүү менен, анын жүрүм-турумуна, өзүн алып кетүүсүнө психотерапия алгандан кийин гана өзүн колдоп, тутуп, социалдык жактан адаптация болуп, жашоосун туура нукта алып кетүүсүнө мүмкүнчүлүктөр ачылат”.

Ал эми психиатр Уулкан Итикулова балдар психиатрларына суроо талап жогору болуп жатканын, бирок адистер жетишсиз экенин белгиледи.

Балдардык психикалык жактан көп жабыркашынын бирден бир себеби — ата-энелердин миграцияга кеткени болуп жатат.

“Ата-энелер балдар психиатрларга абдан муктаж болуп жатышат. Себеби, мектепте окубай калган, окуу программасын өздөштүрө албаган, эмоциалдык жактан жабыркаган, жүрүм-туруму бузулган балдар аябай көп болуп жатат. Бул маселелердин баары биздин жашоо шартыбызга байланыштуу болуп жатат. Анткени бизде азыр социалдык жетим балдар көбөйүп жатат. Бул деген ата-энеси бар, бирок алар миграцияда жүргөндүктөн чоң апасынын же туугандарынын колунда өсүп жаткан балдар”.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө психикалык жактан жабыркаган бейтаптарга карата кодулоо мамилеси жоюла элек. Эң биринчи жардам аларды коомго кошуу аркылуу, үй-бүлө чөйрөсүндө жардам берүү менен мурдагы абалына келтирүүгө болот дешет.

Психикалык саламаттык күнү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 10-октябрда белгиленет. Ал 1992-жылы дүйнөгө психикалык оорулардын көйгөйлөрү, алардын өнүгүү себептери жана дарылоо жолдору жөнүндө маалымдоо максатында түзүлгөн.

Кыргызстанда ушул күнгө карата Республикалык психиатрия борбору «Дени сак рух — дени сак дене» деп аталган маалыматтык кампания баштады.

Акция психикалык жактан жабыркаган адамдарга карата басмырлоону жоюуга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

Борбордо 10-октябрда ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, ар бир адам акысыз түрдө психиатр дарыгерлерден, ошондой эле психологдордон кеңеш ала алды.

Exit mobile version