Түркиянын баш калаасы Анкарада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды. Бул тууралуу Анкарадагы Кыргызстандын элчилиги маалымдады.
Маалыматта Анкаранын Чанкая районундагы жайгашкан парктын аянты 6, 691 чарчы метрди түзөрү айтылат. Айтматов атындагы паркта жазуучунун бюсту орнотулду.
Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Чанкая районун мэриясы тарабынан жана кыргыз скульптурлордун колунан жасалган.
Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, мэриянын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Түркиянын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.