Марал Радиосу

Республикалык ишембиликке 22 миңден ашуун адам чыкты (фотобаян)

Кечээ, 8-октябрда “Таза Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү.

«Таза мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарынын тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрү жана жеке компаниялар жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Жалпысынан тазалоого 22 миң 834 адам чыкты. 673 уюмдун жана мекеменин жамааттары дагы четте калган жок жана бекитилген аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Таштандыларды чыгаруу үчүн 204 атайын техника тартылган. Жалпы 349 тонна таштанды чыгарылды.