Марал Радиосу

Жаңыланган «Достук-автожол» бекетинин ачылышы өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жана «Электрондук өткөрүү пункту» инновациялык долбоорунун ачылыш аземине катышты.

Акылбек Жапаров орусиялык тарапка «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, бардык бажы системасын реформалоонун негизги багыттары Кыргызстандын президенти тарабынан аныкталган.

«Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында толугу менен реконструкцияланган.

«Электрондук өткөрүү пункту» өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүүнү жана чек ара көзөмөлүн тездетилген жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды киргизүүнү карайт.