Эртең, 9-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5 күндүз +14…+19,
Ош облусунда түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25,
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Баткен облусунда +7…+12, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +19…+21 градус болот.