Марал Радиосу

Жаңыланган «Достук-автожол» бекетинин ачылышы болот

Эртең, 8-октябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын реконструкциядан кийинки расмий ачылышы болот.

Буга байланыштуу саат 10:00дөн 13:00гө чейин көзөмөл өткөрүү жайында жарандардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотуларын Чек ара кызматы кабарлады.

«Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү жайы күнү-түнү иштейт. Анда чек ара көзөмөлүн тездетилген, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана эффективдүү ишке ашыруу үчүн техникалык модернизациялоо, бизнес-процесстерди кайра карап чыгуу, санариптик технологияларды киргизүү боюнча караган инновациялык долбоор ишке ашырылды.