Марал Радиосу

Билим берүү эркин болгондо гана дүйнөлүк атаандаштыкка чыга алат

Кыргызстанда биринчи жолу 100гө жакын мекеме-уюм депутаттар менен биргеликте билим берүү тармагындагы негизги маселелерди аныктап, аларды жоюу максатында «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун жазып чыгышты. Долбоордогу негизги басым мектептерге эркиндик берүү, дерегуляция саясатын жүргүзүү жана мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу болуп саналат. Жарандык коом, билим берүү тармагында иш алып барган мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар токтолгон негизги көйгөйлөргө, сунуштарга алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамынын долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.

2021-жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров кызматына киришип жатып, билим берүү системасын реформалоону экономиканын керектөөлөрүнө жана жаңы замандын талабына ылайык жүргүзүү керектигин белгилеген.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына байланыштуу демилгеленип жатканын депутат Жанар Акаев белгиледи.

Ал мыйзамдын маанилүү экенин айтып, жапатырмак иш алып баруу максатка ылайыктыгына токтолду.

«Кыргызстанда нефти жок, башка байлыктар жок. Биздин эң эле таянганыбыз билимдүү жарандарыбыз болушу керек. Билимдүү жарандар менен гана кубаттуу экономиканы түптөп, күчтүү өлкө боло алабыз. Жакырчылыктан чыгуу жана башка маселелерди билимдүү муун чечет деп ойлойм. Бул мыйзам жарандык коомдун жардамы менен чыгып отурат, буга президенттин ваучердик окутуу программасы боюнча айткан сөзү да түрткү болду деп ойлойм. Кыргызстанда 80% бала балдар бакчасына барбайт экен. Биз болгону 21-22% гана балдарды бала бакча менен камсыздап жатабыз. Бала бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы чоң. Азыр бала бакча ачам дегенге бир канча түйшүк бар. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин «он төрт жерден уруксат кагаз алдым» деген убаракерчилик болбошу керек. Болгону «биз бала бакча ачып жатабыз» деп кабарлап коёт. Бирок өрт коопсуздугу жана санитардык текшерүү калат. Ошол эки нерсе бала бакча ачканга чоң мүмкүнчүлүк бериши керек».

 Мыйзам Мекен ичинде гана эмес, дүйнөлүк эмгек рыногунда да суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоого жетишүү, дүйнөлүк атаандаштыкка чыга алган билим берүү системасын түптөө, ага укуктук негиз түзүп берүү болуп саналат.

«Билим берүү жөнүндө» биринчи мыйзам 1992-жылы кабыл алынып, 10 жылда эки жолу өзгөртүү киргизилген. Экинчи мыйзам 2003-жылы жаңы редакция менен  кабыл алынып, 20 жылдын ичинде 34 жолу өзгөртүүгө жана түзөтүүгө учураган. Учурда мыйзамды заманбап чакырыктарга карата толугу менен өзгөртүп, жаңылоо зарылдыгы келип чыгууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда формалдуу билим берүүдөн качуу, билимди токтоосуз жаңылап туруу мезгилдин талабы экенин белгиледи.

Ошондой эле ал жеке менчик менен мамлекеттик мектептерде билим алган балдардын ортосунда ажырым көп болгондуктан, негизги басымды мамлекеттик мектептердин базасын чыңдоого багыттоо сунушун берди.

«Мектеп жана университет эртеңки күндүн муктаждыктарына, эртеңки экономиканын талаптарына жооп бере турган балдарды тарбиялап бериши керек. Биздин негизги максатыбыз өспүрүмдөрүбүз 2050-жылдарда атаандаштыкка туруштук бере алышы керек. Балдарыбыз дүйнөлүк масштабдагы билимге, заман талап кылган көндүмдөргө ээ болушу керек. Биз Жогорку Кеңеш сунуштап жаткан «Билим берүү жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгууда кызматташып, чогуу иш алып барып жатабыз. Ошондуктан Билим берүү министрлиги өзүнчө, депутаттар өзүнчө долбоор даярдап атаандашпастан, чогуу бир долбоор иштеп чыгышыбыз керек. Бирок бир маселени айтып коюшубуз керек. Жеке менчик мектептер эмнеден улам келип чыкты? Аткени биздин мамлекеттик билим берүү кыйрап, анан жеке менчик мектептер чыга калып, козу карындай көбөйүп кеткен. Биз баарыбыз бир системадагы мектепке барып, бир нукта чоңойгонбуз. Азыр коом бири-бири менен сүйлөшө албай калды. Ошондой ажырымды көбөйтпөстөн, мамлекеттик Башмыйзамдагы функциясы милдеттүү түрдө орто билим менен камсыз кылышыбыз керек. Ошондуктан негизги багытыбызды мамлекеттик кызыкчылыкта элди бир нукта тарбиялайлы деген максатта көбүрөөк мамлекеттик мектептердин базасын бекемдеп, каржыдан аянбай, ошол жакка берсек деген сунушум бар».

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров өлкөдөгү жакырчылыкка себептердин бири билим берүүнүн төмөнкү сапаты экени белгиленип келатканын, андыктан билим берүү тармагын реалдуу жана системалуу реформалоо үчүн жалпы коомчулукту бириктирген, прогрессивдүү мыйзам зарылдыгын айтты. Ал билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдү өзүнүн экономикалык көз карашы менен баяндап берди.

«Жакында жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөт деген жакшы жаңылык чыгып жатат. Бирок ошол балдарга тарбия жана билим берүүгө биздин экономикалык инфраструктура үлгүрбөй жатат. Мектепти бүткөндөрдүн 50%ы базалык билим деңгээлине жетпейт экен. Окуйт, окуганын түшүнө албайт жана жашоодо да колдоно албайт. 60% окуучу экиге экини кошконду билет, бирок жашоодо колдоно албайт. Түштүк Корея бир окуучуга жылына 15 миң доллар коротот экен. Казакстан 6400 доллар, Монголия 1700 доллар, Кыргызстан 826 доллар коротобуз. Бишкекте 90 мектеп бар. Норма боюнча ар бир класста 25тен окуучу эсептелгенде, 75 миң бала окушу керек. Бирок бүгүн 177 миң бала окуйт. Башкача айтканда, 100 миң балага мектепте орун жок, бул факт. Чүйгө 557, Бишкекке 1784 жана Ошко 513 кабинет жетишпейт. Бул өтө чоң көйгөй, аны чечпесек, балдар кандай билим менен чыгат? Кыргызстан боюнча 72% мектеп эки мөөнөт менен окуйт. Ал эми Чүй, Бишкек жана Ошто 3-4 мөөнөт менен окуйт. Ошондо көйгөйлөр кандай болуп жатат, бала саны өстү, мектептин саны өскөн жок. Билим берүүнүн деңгээли төмөн жана акча жетишпейт. Үй-бүлөлөр акча короткусу келет, бирок быйыл жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 30%дан ашты. 800 миң бала жакыр үй-бүлөдө чоңоюп жатат». 

Мыйзам долбоору билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган. Долбоордун жоболору билим берүүнүн сапатын, инклюзивдүүлүгүн жана санариптешүүсүн жогорулатууга, мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну көбөйтүү үчүн шарттарды түзүүгө, билим берүү системасын башкарууну жакшыртууга, коррупцияны кыскартууга жана ваучердик системаны киргизүү аркылуу билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун натыйжасын жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов билим берүү тармагында 45 жылдык тажрыйбасы болсо, анын 25 жылын мектептеги билимдин эффективдүүлүгүн арттыруу жолдорун издөө менен өткөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал лицензиялоо менен аккредитациялоонуу жеңилдетүү керектигин айтты.

«Албетте, кайсы бир деңгээлде мамлекеттик көзөмөл керектир, бирок бул даражада эмес. Мугалимдер жыл бою документ менен убара болуп калса, качан балдар менен иштейт? Мына ошону биздин коомчулук колдоп жатат. Министрлик жер-жерлердеги билим берүү өкүлдөрү менен бат-баттан диалогго барышы керек. Жалаң гана тандалган адамдар сүйлөсө, сиздер объективдүү картинаны ала албайсыздар. Мына биз түпкүрдө иштеп жатабыз, ошондуктан кээ бир маселелерде бат-бат диалогго барып турсак, өтө жакшы болот. Менин баамымда аккредитация жогорку окуу жайларга өтө төп келсе керек. Ал эми орто мектепке оордук кылат экен. Аккредитациялоонун эң жакшы жолу — мониторинг жүргүзүү. ЖРТнын жыйынтыгын караса, деңгээли чыгып калат. Сөзсүз түрдө керек десеңиздер, анда жөнөкөйлөтүү керек». 

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташев жарандык коом жана депутаттар тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору менен министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 80%га чейин окшош экенин, көп маселеде жарандык коомдун сунуштарын колдой турганын, алдыдагы жумада айрым каршы келген жерлерин биргеликте олтуруп иштеп чыгуу макулдашылганын маалымдады.

«Эки мыйзам долбоору тең 70-80%га окшош. Кээ бир жерлерде чоң айырмачылыктар бар. Бирок бул ар бир мыйзамда боло турган нерсе. Биз кечээ жарандык коом менен биргеликте талкуулап, бири-бирибизди түшүндүк. Эки мыйзамдын тең жакшы жактары бар, ортосунан эң жакшы мыйзамды иштеп чыгалы. Элге, мамлекетке керек, эртең иштеп кете турган мыйзам долбоорун иштеп чыгалы».

Аталаган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышкан экс-депутат Абдывахап Нурбаев жаңы мыйзамда мугалимдин колун байлаган отчёттор, пландар жана аккредитациялар менен коррупцияга малынган лицензияны жоюу сыяктуу заманбап кадамдар каралганына токтолду. Анын баамында, жалпы билим сектору кейиштүү абалда. Мыйзам кабыл алуу менен билим тармагынын өнүгүшүн жолго салуу учурдун кечиктирилгис талабы болуп турат.

Коомдук талкууда билим берүү тармагындагы жигердүү өзгөрүүлөргө билим берүүнүн сапатын көз карандысыз баалоо, билим берүүнү каржылоонун ваучердик системасын киргизүү, бюрократияны жоюу, ыктыярдуу аккредитация жана жөнөкөй, так, мыйзамдуу лицензиялоо системасын киргизүү, менчигинин түрүнө карабай, бардык билим берүү уюму үчүн бирдей шарттарды түзүү, билим берүү тармагындагы санариптик маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу, жетекчилерди бийликке сынактан өткөрүп алып келүү аркылуу жетишүүгө болору айтылды.