Марал Радиосу

«Достук-автожол» өткөрүү пунктунда чектөөлөр киргизилди

7-октябрда «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Аталган өткөрүү пунктунда капиталдык курулуш аяктаганына байланыштуу ушул күндөрү «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандан чыгуу үчүн 4 паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат.

Мындан улам адамдардын жана унаалардын тыгыны пайда болушу мүмкүн. Күндүз «Достук-автожол» өткөрүү пункту чектелген режимде иштейт.