Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин өмүр баяны

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңешке төрага болду. Төрагалык орунга ал жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү. Жыйынтыгында добуш берген 87 депутаттын 80 добушун алган Нурлан Шакиев төрагалыкка шайланды. Ал эми 6 депутат каршы добуш берген. Бир бюллетень жараксыз болгон.

Нурлан Шакиевдин өмүр баяны:

Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин башкаруу адистигинде аяктаган.

«Обон», «Учкун» жана «Эркин-Тоо» басылмаларында эмгектенип, 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болгон.

2009-2010 жылдары – КР президентинин кеңешчиси – «ЭлТР» коомдук телеканалынын башкы директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.

2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика — Ата-Журт» партиясынан катышкан. Өткөн жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп келген.