Марал Радиосу

Төрт фракция парламент төрагалыгына Нурлан Шакиевдин талапкерлигин көрсөттү

Ошентип Жогорку Кеңеш бүгүн эле жаңы төраганы шайлай турган болду. Депутаттар саат 14:00гө чейин тыныгууга чыгышып, ал аралыкта фракциялар ич ара макулдашып, төрагалыкка талапкерин сунушташты.

Спикердин ордуна Элдик депутаттык тобунан Нурлан Шакиев , «Ишеним» фракциясынан Нурлан Шакиев, «Альянс» фракциясынан Нурлан Шакиев жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Нурлан Шакиевдин талапкерлигин көрсөтүү чечимин сунушташты.

Жогорку Кеңешке өткөн жылдын 29-декабрында төрага болгон Талант Мамытовдун бүгүн кызматын өз каалоосу менен тапшырды. Ал өз кайрылуусунда парламентти башкарып турган учурунда өлкө үчүн бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал кызматынан кетишине чек ара маселеси боюнча жабык жыйындагы чуу себеп болгонун айтты.