Марал Радиосу

Жогорку Кеңешти 8,4 млн долларга санариптештирүү пландалууда

Жогорку Кеңеш Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге 2023-жылдан 2027-жылга чейин «Жогорку Кеңешти санариптештирүү» долбоорун ишке ашырууну пландоодо.

Ага болжолдуу түрдө 8,4 млн доллар сарпталары айтылды. Долбоорду деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга IT технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер тобу келген. Бул адистер буга чейин да Жогорку Кеңештин техникалык базасы менен таанышып, бир катар сунуштарын киргизишкен.

Мерчемделген долбоордун негизги багыттарынын бири — мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү процесстерин санариптештирүү болуп саналат.

4-октябрда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов кореялык эксперттер менен практикалык маселелерди талкуулап, адистер жасала турган иштердин көлөмүн көрүштү. Ошондой эле Кореянын парламентине киргизилген алдыңкы технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.