Марал Радиосу

Эркинбек Осоев транспорт министри кызматынан бошотулду

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун мындай жарлык чыгарышына Эркинбе Осоевдин иштен бошотуу жөнүндө берген арызы себеп болгон.

Ушул жылдын 19-августунда эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш берген.

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматына 2021-жылы авгут айында дайындалган.