Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 629 млн куб метрди түздү.

Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда суунун агып келиши секундасына 251 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 197 куб метрге жетүүдө.