Марал Радиосу

Элчилик: Орусиядагы кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Орусиядагы чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Буга байланыштуу элчилик такталбаган маалыматтарды таратпоону өтүнөт» , — деп айтылат маалыматта.

Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Андан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө, анын ичинде Кыргызстанга да келүүдө.