Марал Радиосу

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

7-октябрда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору боюнча  коомдук талкуу болот. Анда мыйзам долбоорунун негизги жоболору сунушталат.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоору билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган. Документ билим берүүнүн сапатын, инклюзивдүүлүгүн, санариптештирүүнү жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, системаны башкарууну жакшыртуу, коррупцияны жоюу, ошондой эле билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары –Жанарбек Акаев, Марлен Маматалиев, Нурлан Шакиев, Венера Раимбачаева, Жалолидин Нурбаев, Аманкан Кенжебаев, Акылбек Түмөнбаев, Тазабек Икрамов, Өмурбек Бакиров, Фархат Алимжанов,  Нурбек Алимбеков, Эмил Жамгырчиев, Эмил Токтошев, Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Бактыбек Чойбеков, Гүлшан Молдобекова, Элдар Сулайманов, Азамат Исираилов, Нурлан Ражабалиев.

Мындан тышкары, «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жүздөн ашык адамдан турган жумушчу топ иштеп, билим берүү тармагындагы адистердин, изилдөөчүлөрдүн, жарандык активисттердин сунуштары эске алынган.