Марал Радиосу

Үйү бузулган Баткендин тургундарына 300 миң сомдон жардам берилет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү.

Отурумда Тажикстандын куралдуу баскынчылыгынан кыйраган имараттарды калыбына келтирүү үчүн көрүлүп жаткан аракеттер, согушта курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана үй-жайы кыйраган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү, жарандар жана мамлекет тарткан зыяндын эсебин алуу сыяктуу бир катар маселелер каралды.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Баткендеги акыркы кырдаал өлкө башчынын көзөмөлүндө экенин, өзү да президенттин тапшырмасы менен келгенин айтып, чек ара аймагында жашаган элдин бейпилдигин сактоого, чек араны чечүүгө бардык аракет жумшалып жатканын билдирди.

Ошондой эле бузулган имараттарды суук түшкөнчө калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарынан атайын адистерди чакыруу жана керектүү техникаларды алып келүү тапшырмасын берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке жарандардан 307 млн сом түшкөнүн маалымдады. Бул каражаттын баары Баткен облусунун тургундарына жумшаларын, анын эсебин өзү көзөмөлүнө аларын айтып өттү.

Андан тышкары үйү жарактан чыккан жарандарга 300 миң сомдон, үйү кыйроого учурабай, бирок талап-тоноого кабылган жарандарга 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берилери маалым болду. Андан тышкары тургундар бекер көмүр менен камсыз болот. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы мектептер коопсуз аймакка курулары айтылды.