Марал Радиосу

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандыктар алты медаль алышты

Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын маст-рестлинг курама командасы алты медаль алышты.

Кыргызстандан барган балбандар 70 кг салмактагы Азамат Асанов, 110 кг салмактагы Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 кг салмакта Дилбара Иманканова алтын медаль тагынып, чемпион аталды.

Ал эми Назия Майлибашева күмүш, Бакдөөлөт Абылов менен Улукбек Ырыспаев коло медалга ээ болушту.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында башталган. Ал 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу, анын ичинде Кыргызстандан 148 спортчу барган.