Марал Радиосу

Бүгүн «Салык чектин» кезектеги байгелери ойнотулат

Бүгүн, 1-октябрда Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи утушун ойнотот.

Иш-чара саат 16:00дө башталып, ал Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчалары жана «Ала-Тоо-24» телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Экинчи турдун байгесине 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 турмуш-тиричилик техникасы коюлган.