Марал Радиосу

ТИМ Кыргызстандын жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырат

Кыргызстандын жарандарын Дүйшөмбү аэропортунан кармап, Тажикстандын аймагына киргизбей жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кайрылуу таратты.

Анда Кыргызстандын жарандарын Тажикстанга киргизүү, чыгаруу тартиби өзгөргөнү туурасында расмий кабарлама келбегени айтылат. Министрлик бул жагдайды иликтеп жаткандыктан Кыргызстандын жарандарын маселе такталганга чейин Тажикстандын аймагына барбай турууга чакырат.

Ошол эле учурда Тажикстанда жашаган кыргыз жарандарына кысым көрсөтүү, кодулоо сыяктуу мыйзамсыз иштер жасалса, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине же Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылууну өтүнөт.

+996 551 312 000 — КР ТИМинин консулдук департаменти;

+992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги.

Exit mobile version