Марал Радиосу

Юристтен кеңеш: Кожоюн батирден чыгарып салса, эмне кылуу керек?

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланышы менен Кыргызстанга да келген орусиялыктардын саны көбөйдү. Бул агым Бишкек шаарындагы мейманканалардын жык толушуна, батирлерде ижара акынын кымбатташына алып келди. Нааразы болгон жергиликтүү жашоочуларды батир ээлери мажбурлап чыгарып, ордуна орусиялыктарды киргизип койгон учурлар каттала баштады.

Ижара акысын төлөп жашагандарды мажбурлап чыгарууга батир ээлеринин укугу барбы? Үй ээси менен ижарачынын ортосундагы келишим канчалык маанилүү? Мыйзам боюнча көчүүгө канча убакыт берилиши керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн адвокат Бексултан Осмонов менен маек курдук.

— Мыйзам боюнча батирдин жашоочусу канча убакытта үйдү бошотушу керек? Жарандык кодексте кандай каралган?

— Жарандык кодексте көрсөтүлгөндөй, батирди ижарага берүү келишими сөзсүз түрдө кагаз түрүндө болушу керек. Кайсы учурда, кандай мөөнөттө баш тартуу, жокко чыгаруу шарттары келишимдин өзүндө көрсөтүлөт. Эгер келишимде ал шарттар көрсөтүлбөсө, мыйзамга ылайык, батирдин ээси үч ай мурун билдирме жөнөтүшү керек. Үч ай мөөнөт өткөндөн кийин үйдү бошотуп бергиле деген талапты коё алат. Эгер ижарачы ал талапка макул болбосо, келишимде көрсөтүлгөн шарттарды бузбаса, укугун коргоо үчүн сотко кайрылса болот.

— Батир берүүчү менен кардардын ортосунда кагаз түрүндө келишим жок болгон учурда ижарачы кайсы жакка кайрыла алат? Анын кандай укуктары бар?

— Эгер ал келишим оозеки болсо, анда күчү жок. Демек, оозеки келишим түзүп, үйдү ижарага алган жашоочунун укуктары аз. Үйдүн ээси үйдү бошотуп бер деген талаптарды коюп жатса, жашоочу салык кызматына кайрылса болот. Үйдүн ээси келишимди түзүп туруп, көрсөтүлгөн акысынан салык төлөшү керек. Эгер келишим түзүлбөсө, демек, үйдүн кожоюну салык төлөөдөн баш тартып жатат. Ушул фактыны жашоочу үйдүн ээси менен кандайдыр бир келишимге колдонсо болот. «Эгер мени чыгарсаң, мен салык кызматына кайрылып, укуктарымды коргойм» десе болот.

— Келишим болгон күндө да, үй ээси жашоочуну чыгара алабы? Акы төлөп жашагандарды күчтөп чыгарууга батир ээлеринин укугу барбы?

— Эгер келишим жазуу түрүндө болсо, үйдүн ээси оюна келген талаптарды коё албайт. Келишимде кандай көрсөтүлгөн болсо, ошондой гана иштерди жүргүзгөнгө мүмкүн. «Кандай учурда, кандай мөөнөттө келишим жокко чыгарылат, үй кайсы учурда бошотулушу керек?» деген шарттар менен гана мүмкүн. Эгер тараптар бири-биринин талаптарына макул эмес болуп, сотко кайрылып, талаш-тартыш башталса, үйдүн ээси жашоочуларды мажбурлап чыккыла деген талаптарды коё албайт. Соттун чечими чыккандан кийин гана ушул укугу пайда болот.

— Эки тараптын ортосундагы келишим кандай түзүлөт? Анын ичинде кандай жоопкерчиликтер жана милдеттенмелер каралган? Эгер бирөөсү ал келишимди бузса, кандай жоопкерчиликке тартылат?

— Ортодогу келишим жазуу түрүндө болушу керек. Эгер анын мөөнөтү үч жылдан жогору болсо, сөзсүз түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынат. Келишим үч жылдан жогору болуп, мамлекеттик органда каттоого алынбаса, ал келишим мыйзамсыз жана күчү жок болуп эсептелет. Тараптар келишимде өздөрү кандай деп туура чечкен жоопкерчиликтерди, милдеттенмелерди көрсөтө алат. Бирөөсү келишимде көрсөтүлгөн пункттарды бузса, айып пул салынышы мүмкүн же мөөнөтүнөн мурда келишимден баш тартуу, жокко чыгаруу укугу болушу мүмкүн.

— Эгер мажбурлап чыгарып салса, жашоочу эмне кылышы керек? Негизи кайсы учурда үй ээси жашоочуну күчтөп чыгарууга укуктуу?

— Мыйзам боюнча жөн гана мажбурлап чыгарып салуу туура эмес. Үйдүн ээси сотко кайрылып, үйдү бошотуп берүү талаптарын коюшу керек. Ошондо да жашоочу бошотуп бербей жатса, сот аткаруучуларынын, милиция кызматкерлеринин жардамы менен мажбурлап чыгарып салууга укук пайда болот. Эгер жөн гана эч бир соттун чечими жок үйдүн ээси күч колдонуп чыгарып салса, ошол күч кандай колдонулганына жараша, денеге жана ден соолукка зыян келтирилген болсо, жабырлануучу милицияга кайрылса болот.

Ар бир ижарачы батирге кирүүдө келишим түзүүнү үй ээсинен талап кылышы керек. Келишим түзбөгөндүк жана мыйзамды сактабагандык ушул сыяктуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ар бир жаран мыйзамды сактоо менен иш жүргүзсө, укуктарын туура пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болот.

— Маегиңизге ырахмат!

Exit mobile version