Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркияга барды

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 314 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды.

Сапардын алкагында Жапаров Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрь-2-октябрь аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаменти Көчмөндөр оюндарына кыргызстандык 148 оюнчу спорттун 11 түрү боюнча катышарын билдирди.

Көк бөрү жана алыш күрөшү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди.

Көчмөндөр оюндарын УТРК түз алып көрсөтөт. Ачылыш аземин бүгүн 22:00дө — YouTube, Facebook баракчаларынан көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM