Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» ишканасы депутаттык комиссияга көмөктөшөт

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 181 | 0

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков «Кумтөр голд компани» ЖАКнын президенти Алмаз Барыктабасов жана «Кумтөр» ЖАК башкармалыгынын мүчөсү Дмитрий Долматов менен жолугушту.

Анда ал «Кумтөрдөгү» жалпы алтын өндүрүлүшү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөнүн айтып, ага ар тараптан көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Депутаттык комиссия тарабынан суралган бардык маалымат ачык, тоскоолдуксуз берилиши керектигин билдирди.

Калдарбеков «Кыргызалтын» ишканасынын кызматкерлерине депутаттык комиссиянын «Кумтөр» алтын кенине баруусун уюштурууну тапшырды.

28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандан 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн убактылуу комиссия түзгөн. Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

— Марлен Маматалиев,
— Балбак Түлөбаев,
— Адахан Мадумаров,
— Исхак Масалиев,
— Жанар Акаев,
— Нилуфар Алимжанова,
— Нурлан Шакиев,
— Надира Нарматова,
— Марат Мураталиев,
— Улугбек Ормонов,
— Шайлообек Атазов,
— Максат Сарыбагышев,
— Арсланбек Малиев.

Комиссия алдыда жыйын өткөрүп, төрага шайлайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM