Биз менен байланышыңыз

Министрлик: 71 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштегени жөнөтүлдү

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 518 | 0

Бишкекте 71 кыргызстандыкты Түштүк Кореяга кезектеги жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, акыркы топто 450дөн ашык келишим кабыл алынган. Азыр биринчи топ кетип жатат, калгандары кийинки жөнөтүүлөргө даярданышууда.

Быйыл Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик учак менен Корея Республикасына 500дөн ашык жаран жиберилди.

Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору EPS программасынын алкагында Корея менен тыгыз иш алып барып, 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун Кыргызстандын жаранына жумуш таап берген.

Copyright © 2017 Maral FM