Биз менен байланышыңыз

УКМК Алтынбек Сулаймановдун кармалганын четке какты

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 715 | 0

Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Сулайманов суракка да чакыртылган эмес.

Бүгүн интернет сайттары жеке булактарына таянып, Алтынбек Сулайманов УКМК тарабынан суракка чакырылып, кармалганын жазышкан.

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирген. Ал жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда эч кандай өнүгүү болбосуна көзү жеткенин айткан.

Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчылыгына ушул жылдын 24-февралында дайындалган. 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM