Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш чек арадагы жагдайга байланыштуу кайрылуу кабыл алды

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 480 | 0

Жогорку Кеңеш 29-сентябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу кайрылууну бир добуштан колдоп, кабыл алды.

28-сентябрдагы жыйында Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп келген депутаттардын маалыматы жабык каралган.

22-сентябрда Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаал жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушкан. Жыйынтыгында депутаттар Баткен облусунун тургундары менен жолугуп келүү чечимин кабыл алышкан.

14-17-сентябрда тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM