Биз менен байланышыңыз

Депутат Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосу сүрдүрүлдү (видео)

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 1954 | 0

Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсү, 166 дарегиндеги үйдүн тосмо дубалы сүрдүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бул үй Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдики экени айтылган, учурда имаратка бала бакча уюштурулган.

27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Сатыбалдиев шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаевден мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын сураган.

Вице-мэр Кытай грантынын негизинде ишке ашып жаткан долбоордун алкагында жолдун жашыл зонасы да иретке келтирилип жатканын айткан. Ошондой эле шаардагы 71 үй «кызыл сызыктан» чыгып кеткенин, аны түрттүрүүдө үйлөргө тийбей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM