Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +18…+20 градус болот.