Биз менен байланышыңыз

Парламентте Акылбек Жапаровдун отставкасы талап кылынды

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 1262 | 0

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев министрлер кабинетинин төрагасынын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.

Ал өкмөт мүчөлөрү аралашкан иштерге, «Кумтөргө» байланыштуу окуяларга өкмөттүн төрагасынын да жоопкерчилик тартышы керектигин же отставкага кетишин талап кылды.

Депутаттын пикиринде, өкмөт парламентти жаманатты кылууга аракет жасоодо.

«Баткенге деп которулган акчаны туура эмес түшүнүп, бүгүнкү күнгө чейин Баткен эли акчасын ала албай отурат. Муну башка депутаттар да айтып жатат. Өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, ар кандай сөздөрдү айтып, парламентти жаман көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Баткенге тажиктер кол салбай эле депутаттар кол салдыбы? Алмаз Акунжанович (өкмөт жана президенттин парламенттеги өкүлү — ред.), биз президентке эле кайрыла бербей, өкмөттүн башчысы болгон адамдын да жоопкерчиликтүү мамилесин талап кылалы. Бүгүнкү күндө министрлер кармалып жатат. «Кумтөрдү» жетектеген Тенгиз Бөлтүрүк кармалды, ага да жоопкерчиликти Акылбек Үсөнбекович өзү алган. Мунун баарына өкмөттүн башчысы да жооп бериши керек же отставкага кетиши керек», — деди Акылбек Түмөнбаев.

Дагы бир эл өкүлү Балбак Түлөбаев өкмөттүн ишин сындап, Баткенге бөлүнгөн 500 млн сомдун дайыны жок экенин айтып чыккан. Ал же өкмөттү отставкага кетирүүнү, же парламентти таратууну айтты.

Сентябрдын башында депутат Чынгыз Ажибаев да өткөн жылы Баткен облусуна берилген өзгөчө макамдын алкагында бөлүнгөн акча которула электигин айткан.

Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы эмгек миграциясында, башкача айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун жашоочулары ички жана сырткы миграцияда жүрөт. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Ошондуктан Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүнүп турмай болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM