Биз менен байланышыңыз

Акаев: Билим берүү министрин кармоо уят иш болду (видео)

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 1741 | 1

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу маселе көтөрүштү.

Эл өкүлү Жанар Акаев министрлерди, бизнесмендерди кармаганда музыканын коштоосунда видео жасап, шоу кылганды токтотууга чакырды. Министр пара менен кармалганда да мамлекеттик саясаттын негизинде иш жүргүзүлүшү керек.

«Пара алган күндө да шоу уюштуруп, аны видеого тартып чыгарбай эле, «ката кетирдиң, жумушуңдан кет, тергөө жүргүзүлөт» десе кызматын өткөрүп берет эле го. Бүгүн жүз миңдеген мугалим шалдайып отуруп калды. Мугалимдерге сокку урдук, алар кантип окуучуларга барып акыл үйрөтөт? Бизнесмендерди кармап жатасыңар, минте берсе Кыргызстанда камалбаган министр, акчалуу бирөө калбайт окшойт. Мындай мамиле боло берсе мамлекеттик кызматка эч ким барбайт. Болду, жетишет. Кызматка алып келесиңер, бир ай иштетип, кайра камайсыңар», — деди депутат.

Дагы бир эл өкүлү Эмил Токтошев да билим берүү министринин кармалышы боюнча маселе көтөрүп, анын пара алышынан күмөнү бар экенин айтты. Ал билимдүү, тартиптүү кадр, элчи болуп жүргөн киши катары пара алууга барбай турганын белгиледи.

Депутат Бейшеналиевдин ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алып, так тергелишин талап кылды.

28-сентбярда Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000$ АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалымат берилери айтылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Алтынбек

    29.09.2022 13:13

    Былтыр Орхан Инандыны жок кылышты эле, эми Алмаз агайды, Кыргызстан үчүн жан жүрөгү менен иштегендерди жок кылуу саясатын токтотуш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM