Марал Радиосу

Рысбай Исаков эң узак айтуучу катары «Гиннес» рекорддор китебине кирди

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков дүйнөлүк «Гиннес» рекорддор китебине эң узак айтуучу катары кирди.

Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн «Манас» жумалыгынын алкагында «Манас» эпосун 124 саат айткан.

Китепке катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк «Гиннес» китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, манасчыга күбөлүк тапшырды.

«Манас» жумалыгы Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Түрксой» эл аралык уюму тарабынан Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлдү.