Марал Радиосу

ИИМ: Билим берүү министри кармалды

Билим берүү жана илим министри А. Б. пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000$ АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалымат берилери айтылды.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп 2022-жылы февралда дайындалган.