Марал Радиосу

Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча аба каттамы ачылат

Кытайдын Үрүмчү шаарынан Бишкекке кошумча аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча кошумча туруктуу авиакаттам 1-октябрдан тарта ачылышы күтүлүүдө.

Каттамды China Southern Airlines авиакомпаниясы бейшемби күндөрү аткарууну пландап жатат.

Мурда бул багыт боюнча каттамдар шейшемби күндөрү гана аткарылып келген.