Марал Радиосу

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган эл үйүнө кете албай турушат (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Баткен облусунан эвакуацияланып келген айрым жарандар үйлөрүнө кете албай жатышканын айтууда.

Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашаган жерине бекер жеткирерин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ошого байланыштуу эртең мененки саат 7ден бери спорт ордосунун алдына чогулуп, күтүп турушат.

«Ташиевдин сөзү боюнча, Баткендин элин үйүнө МЧС бекер жеткирмек. Эл күтүп жатат, түшкү саат 12 болду, дагы деле күтүп жатабыз, бизге машина келе элек. Аксакал, жаш балдар бар. Баткен элини шылдыңдагандай кылбай, машина берсе берсин да» , — деди тургундардын бири.

УКМК төрагасы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Баткендеги кандуу окуяда коопсуз жайларга көчүрүлгөн эл үйлөрүнө кайтса болорун айткан. Шарты жокторго мамлекет көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Сүрөт фейсбук колдонуучусу Адил Турдукуловдун баракчасынан алынды.