Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарында «Эмгек миграциясы тууралуу диалог» аталышындагы эл аралык форум өтүп, Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрү жана коңшу Өзбекстандын эмгек министри катышты. Форумдун жүрүшүндө мигранттардын билимин жогорулатуучу квалификациядан өткөрүү, ыңгайлуу иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү маселелери талкууланды.
Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир өлкөнүн алдында калкын жумуш орундарында сактап калуу, аларга жетиштүү шарттарды түзүп берүү милдети турганын айтып, бул үчүн Биримдиктеги өлкөлөр бир аянтчага чогулуп, чечүү жолдорун талкуулоонун маанисине токтолду. Андан сырткары Жапаров азыркы учурда айрым маселелерди биринчи кезекте карап, аны чечүүгө басым жасалышы керектигин билдирди.
«Биринчиден, бул — эмгек ресурстарына карата муктаждыктардын өзгөрүшүнө ылайык жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүү аркылуу Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн калкынын иш менен камсыз болушун сактоо. Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк мүнөзгө ээ болгон инфляция эмгекчилердин кирешесин жебеши керек. Үчүнчүдөн, учурда интеграциялык бирикменин рыногуна чыгуусу кыйын болгон жогорку технологиялык товарларды жана санариптик продукцияны өндүрүүнү биргелешип жайгаруу зарыл. Бул үчүн жаңы технологияларды ойлоп табууга жана коомдун керектөөсүнө ыңгайлаштыра алган квалификациялуу кызматкерлер керек».
Акылбек Жапаров бул иш-чаранын жыйынтыгында мигранттарга ЕАЭБ өлкөлөрүндө ыңгайлуу иштөөгө шарт түзүлүшү керектигин айтып, сөзүн жыйынтыктады.
Өзбекстандын эмгек министри Нозим Хусанов эмгекке жарамдуу калктын саны жыл сайын өсүп жатканына байланыштуу мындай иш-чаралардын актуалдуу экенин белгилеп, ал үчүн жакынкы өлкөлөр менен биргеликте бирдиктүү эмгек рыногу болушу керектигин айтты.
«Бул форум абдан актуалдуу, өзүңүздөр көрүп тургандай, катышуучулар да көп келген. Мисалы, Өзбекстанда калктын саны жыл сайын жогорку темп менен өсүп жатат. Анын натыйжасында эмгекке жарамдуу жарандардын да саны өсөт, 2 миллиондой жараныбыз чет өлкөдө болсо, алардын көпчүлүгү Орусияда эмгектенишет. Акыркы 3 жылдан бери эмгек мигранттарына багытталган президенттин тапшырмасынын негизинде биз коопсуз миграция үчүн система иштеп чыкканбыз. Ал мигранттарды жумушка даярдап, окуудан өткөрүү, алар барган мамлекетте укуктук, социалдык жардам көрсөтүү жана алар кайтып келгенден кийин өлкөбүздө жумуш орундары менен камсыздоо. Азыр бул боюнча активдүү иштеп жатабыз».
Ал эми Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Орусияда эмгектенген мигранттар каттоого турбай, көйгөй жаралып жатканын айтты. Ошондой эле ал жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Орусиядагы Сахарово миграция борборунун филиалдарын Кыргызстандын Ош жана Бишкек шаарларына ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.
«Сахарово миграция борбору менен сүйлөштүк, октябрь айында Кыргызстанга келишет. Акылбек Үсөнбекович айткандай, Бишкек менен Ош шаарында Сахаровонун филиалдарын ачабыз. Жарандарыбыз Орусияга бара электе бардык процедураны бул жерден өтүп коюшат. Андан сырткары көйгөй болуп жаткан дагы бир нерсе бар: кээ бир жарандарыбыздын тил билбегени. Алар орусча бир да сөз билбей, ал жакта өз укуктарын коргой албай калышат. Ошондуктан биз Билим берүү министрлиги менен, коомдук уюмдар менен сүйлөшүп, аларга орус тилин, орус тарыхын, башка өлкөгө бара тургандарга ошол элдикин үйрөтөлү деп жатабыз. Бирок биз муну менен жарандарыбыздын баарын чет жакка жиберебиз деген оюбуз жок, болгону азыркы шартка байланыштуу. Анткени жыл сайын мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн эмгекке жарамдуу жарандарыбыздын саны 200 миңге жакын. Биз азыркы тапта анча кишиге жумуш орундарын түзүүгө шартыбыз жок».
Базарбаевдин айтуусуна караганда, азыркы тапта Орусияда 651 миң кыргызстандыктар бар, алардын 73 миңи каттоодон өтпөй, мыйзамсыз жүрүшөт. Министр аларды жаңы жылга чейин каттоодон өтүшү керектигин айтып, кечигип катталганы үчүн эч кандай жаза каралбай турганын кошумчалады.
«Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокоьцев менен жолугуп, көптөгөн жылдан бери чечилбей келаткан маселелерди талкууладык. Анын негизинде өлкө ичинде мыйзамсыз жүргөн 73 миң жараныбызга жаңы жылга чейин каттоого турууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча чечим кабыл алынды. Эгерде ким буга чейин каттоодон өтпөгөн болсо, аларга айып пул салып же өлкөдөн депорт кылып жибербейт».
Бейрасмий маалыматтар боюнча чет жакта иштеген кыргызстандыктардын саны миллиондон ашат. Алардын көпчүлүгү Орусияда эмгектенишет.
Даярдаган: Сагын Сабыр