Марал Радиосу

Депутат Өмүрбек Бакиров чек арадагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Бакиров элге кайрылуу жасады.

Бакиров өз кайрылуусунда тажик тараптын куралдуу кол салуусу элдин социалдык-экономикалык абалына катуу таасирин тийгизгенин, акыркы абалга абдан тынчсызданганын айткан.

«14-сентябрдан 17-сентябрга чейин Тажикстандын Кыргызстанга жасаган куралдуу баскынчылык актысы элибиздин социалдык-экономикалык абалына катуу таасирин тийгизди. Мен Баткен облусунан жакында эле келдим, азыркы абал мени абдан тынчсыздандырат. Азыркы учурда мен Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде чечкиндүү иштерди жүргүзүүгө даярмын! Кечээ мен Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын коопсуз жүргүзүлүшүнө, анын ичинде маалыматтык коопсуздук маселелерине тынчсызданганымды билдирдим. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жалпы багытталган мыйзамдар бар, бирок иш жүзүндө алар примитивдүү түрдө ишке ашырылып жатат. Мен конструктивдүү сынды колдойм, жарандык коом менен иштешүүгө дайым даярмын. Өлкөбүздө жана дүйнөдө тынчтык болсун»,  — деп айтылат Өмүрбек Бакировдун кайрылуусунда.

Эске салсак, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маселелерди жабык карашкан. Андан соң депутаттар Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Баткенге барган депутаттардын арасында Өмүрбек Бакиров да болгон.