Марал Радиосу

Абдикарим Алимбаев Баткен элинин негизги талаптарын атады (видео)

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун элинин негизги талаптарын атады.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты биротоло токтотуу талабын коюп жатат.

«Жергиликтүү тургундар калыбына келтирүү иштерин ыкчам бүтүрүү талабын коюп жатат. Ошондой эле эл: «Үйлөр курулуп бүткөнгө чейин кайсы жерге жашайбыз?» — деген суроону коюп жатат. Мен тиешелүү жоопторду бердим. Бул боюнча тиешелүү жумуштарды жүргүзүп жатабыз», — деди Алимбаев.

Ошондой эле ал комиссиянын алдын ала эсептөөлөрү боюнча 618 үй талкаланганын билдирди. Анын ичинен 453 үйдү кайра куруу, 165 үйдү капиталдык ремонттон өткөзүү керек.