Марал Радиосу

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болду

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Актилек Мусаева 2019-жылы биринчи вице-примьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген.