Марал Радиосу

Apple компанияси iPhone өндүрүшүн Кытайдан Индияга көчүрөт

Apple компаниясы iPhone 14 смартфонун өндүрүүнү Кытайдан Индияга көчүрүү чечимин кабыл алды. Мындай чечим Пекин менен Вашингтондун ортосундагы саясий кырдаалдын курчушунан улам кабыл алынган болушу мүмкүн.

Мындан сырткары учурда смартфон базарынын чоңдугу боюнча Индия Кытайдан кийин экинчи орунда турат. J.P.Morgan маалыматтарына таянсак, Apple жыл аягына барып,  iPhone 15 өндүрүүнүн 5%ын Индияга көчүрөт. Ал эми 2025-жылга барып iPhone смартфондорунун өндүрүшүнүн 25%ын Индияга бөлөт.

Буга чейин апрель айында Apple Индиядагы заводунда iPhone 13 маркасын өндүрүүнү жолго койгон болчу.

Apple компаниясы Индиядан сырткары Вьетнам жана Индонезияда да өз өнүмдөрүн өндүрүп келет.