Марал Радиосу

Антимонополия: Күйүүчү майдын баасы арзандай баштады

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы май куюучу жайларда жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Нефтетрейдерлер менен жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын алкагында күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалганы айтылды.

Бүгүнкү күндө 2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы литрине 1 сомго чейин төмөндөгөн.

АИ-92 бензининин бир литри 59,5 сом,

АИ-95 – 65,2 сом;

Дизаль майы – 74,5 — 75,4 сома.

«Күйүүчү-майлоочу майлардын, дизель майынын жана автогаздын баасы акырындык менен турукташа баштады. Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар, бул рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө», — деп билдирет мекеме.