Марал Радиосу

Садыр Жапаров Абдулла Ариповду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.