Маалымат катчы Эрбол Султанбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүн жарыялады.
Анда өлкө башчы коргоо министрине «Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды» деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын «резервдик ротага» мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла»,- деген тапшырма берген.
Ошондой эле «Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып, «мына ушул жерибизди берип жатышат» деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун.
Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир да пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт», — деп кошумчалаган Эрбол Султанбаев.
Мындан сырткары маалыматта «бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет» деп белгиленип, ар бир чек ара тилкелери спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болору айтылган.